Ата-энеси бар адам — эң бай адам. Бул дүйнөдө байлык акчада эмес, сүйүүдө жана ыраазычылыкта. Менин Атам менен Апам ар дайым мени колдоп, батасын берип турушат.
Күнүнө эки-үч жолу сөзсүз чалып турам. Алардын үнүн угуу эле жан дүйнөмө тынчтык берет. Мен ар дайым өзүмдү бай сеземин!
Алардын карып бара жатканын көрүү — жүрөккө оор. Бирок алар биздин өмүрдө мен үчүн чексиз бакыт. 🤗
Ата-энеңер бар болсо, барктагыла! Алар менен ырахат алгыла. Менин Атам менен Апам өмүрүмдө мени урушуп, кол көтөргөн эмес. Тек гана терең ыраазычылык жана чексиз сүйүү!
Буюрса, бир күнү Атам менен Апамды Ажыга алып барып, дүйнө кыдыртсам деген чоң тилегим бар. ИншаАллах, жакшы ниеттердин баары жакында ишке ашат.
Ата-эне аман болсун — ошол эле эң чоң бакыт! ✨